Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондор 21ге жетти, 13төн ашыгы изделүүдө
Япониядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 21ге жетип, алардын алтоо оор абалда. 13 кишинин дайыны чыкпай жатат деп билдирди Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга Токиодогу маалымат жыйынында.
Анын маалыматына ылайык, куткаруу-издөө иштерине 40 миңден ашуун куткаруучу, полиция кызматкерлери, коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү жана кырсыктын кесепетин жоюуга 75 тик учак тартылды.
Эске салсак, Япониянын Хоккайдо аралында бейшембиде "Жэби" тайфунуна удаа кубаттуу жер титирөө болгон. Анын күчү очогунда 6,7 баллга жетип, 37километр тереңдиктеги силкинүү катталган.
Абира, Ацуми шаарларынан тартылган видеодон кырсыктан кийин жерден жарака кетип, жер көчкү жүрүп үйлөрдү басып калганы, жарым- жартылай ураган имараттар көрүнөт. Андан 300дөй киши жабыркады.
Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyadagy-zher-titirdn-kaza-bolgondor-21ge-zhetti-13tn-ashygy-izdeld
Добавить комментарий ×