Японияда “электрондук мурун” чыгарылды

8 июля 2018 04:00 1465 Barometr
Поделиться в:
ok

Электрондук тараза жана алко тестерлерди чыгарган япониялык Tanita компаниясы жаңы ES-100 жытты аныктоочу техникасын сунуштады. Бул тууралуу hi-tech.mail.ru.жазып чыкты. 

Бул аспапты күйгүзуп, сенсорун дененин керектүү бөлүгүнө коюу керек.  10 секунддан кийин экрандан 10 баллдык шкалабоюнча жыйынтык чыгарылат. Эгерде сенсор 5 баллды көрсөтсө, анда өндүрүүчү душка түшүп, кийимди которууну сунуштайт. Бул электрондук техника тердин жанаатырдын жытына да иштейт. ES-100 техникасынын баасы арзан эмес, дээрлик14 миң иен же болбосо 8 миң рубль. Аны азырынча Японияда гана сатып алууга мүмкүн. 

Жаңы техника негизинен белгиленген кийимдиталап кылган компанияда иштеген мырзаларга ылайыкталып чыгарылган. Көрсөтмөсүндө айтылгандай, сенсор 2 миң жолу жытты текшергенге жетет деп айтылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyadaelektronduk-murun-chygaryldy



Добавить комментарий