Японияда "жалгыздык министри" деген жаңы кызмат пайда болду

12 февраля 2021 11:09 2771 Barometr
Поделиться в:
ok

Японияда жалгыздыктан жабыркап өзүн-өзү өлтүрүү фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу, жалгыздык министринин кызматы пайда болду. Премьер-министр Ёсихиде Суга социалдык өнүгүү министри Тетсуши Сакамотону бир эле мезгилде жалгыздык министри кылып дайындады. Бул тууралуу жергиликтүү Sankei порталына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Сакамотонун айтымында, премьер-министр мындай чечимди суициддердин көбөйүшүнө жана башка көйгөйлөргө байланыштуу кабыл алган.

"Бул дайындоонун максаты жөнүндө айта турган болсок, биз төрөлүүнүн төмөн деңгээли менен коомдун картайышынан улам келип чыккан социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында кабыл алынды. Ошондой эле, биринчи кезекте аялдар менен жаштардын суицид көйгөйү көбөйгөн" - деди Самакато.

Адистердин айтымында, пандемия учурунда жумуштун жоктугу, балдарга жана үйгө кам көрүү түйшүгү стресстин деңгээлин жогорулаткан.

Буга чейин, Жапон бийлиги өткөн жылдын апрель айында өлкөдө өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн саны чоңдор арасында 2019-жылдын апрелине салыштырмалуу 20 пайызга азайганын айткан. Бул акыркы беш жылдагы эң олуттуу көрсөткүч экендиги белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-zhalgyzdyk-ministri-degen-zhay-kyzmat-pajda-boldu



Добавить комментарий