Японияда ысыктан улам кишилер өлүүдө

23 июля 2018 23:10 1367 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Kyodo маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Японияда ысыктан улам 9-июлдан бери 44 төн ашык адам, ал эми ушул ишембиден бери 11 адам каза болду.  Абанын температурасы 40 градустан жогору болгон. Муну Япония метереологиялык агенттиги бул жылы өлкөдөгү адаттагыдай температурадан 12 градуска ысык деп белгилешти. 

Адаттан тышкары ысык Япониянын айрым аралдарында гана катталды. Негизинен буга чейин Японияда мынчалык ысык болгон эмес. Мындан улам  элдерде ысыктын кесепетинен  баш оору, уйкусуздук жана астма сыяктуу оорулар күч алып жаткандыгын жергиликтүү басылмалар айтышууда. 

Эске салсак, 2020-жылы жай мезгилинде жайкы Олимпиада оюндары Японияда өткөрүлөт. 

Эксперттердин айтымында 1970-жылдардан бери  аба-ырайынын жогорулашы байкалууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-ysyktan-ulam-kishiler-ld



Добавить комментарий