Японияда өткөн фестивалда кыргыз буюмдары көргөзмөгө коюлду

10 июля 2018 03:25 1839 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кечээ 8-июлда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги жыл сайын өткөн Кавасаки Эл аралык фестивалына катышты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, дипломатиялык миссия, аталган шаардын мэриясы менен биргеликте, Кыргызстан жана анын туристтик даремети тууралуу маалыматтык буклеттерди таратуу менен бирге Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштурду. Фестиваль алкагында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар боюнча бет ачар өткөрүлдү. Мындан тышкары, 16 миңден ашуун келген коноктор  ар-кандай кыргыздын кийизден жасалган буюмдары жана айыл чарба азыктары менен таанышышты.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-tkn-festivalda-kyrgyz-buyumdary-krgzmg-koyuldu



Добавить комментарий