Японияда сууда сүзүүчүлөр да беткап тагынышат

8 июня 2020 14:06 1285 Barometr
Поделиться в:
ok

Японияда бассейнде сүзүү үчүн бет кап жасалып, учурда аларга суроо-талап күчтүү болууда. Бул тууралуу “Асахи” гезити жазып чыкты.

Коронавирус пандемиясынын басаңдашы менен 1-июндан тарта аралыкты сактоо жана суудагы хлордун өлчөмүн көбөйтүү менен өлкөдө бассейнге түшүүгө уруксат берилген. Аны менен катар сууда сүзүүнү үйрөнүп жаткан балдарга карата вирусту жугузуп алуу коркунучу чоң экенин белгилөө менен аларды коргоп, көнүгүүлөрдү жасап жатканда ыңгайлуу болуулусуна ыңгалуулук изделген.

 Мындай талаптарга жооп берген бет кап Токиодо ойлоп табылды. Ал түзсүз материалдан жасалып, беттин ылдый жагын жаап турат жана жылмышып түшпөйт. Аны менен сүзүүгө да ыңгайлуу.

Жаңы түрдөгү бет каптын 10 даанасы 260 долларга сатылууда. 

Май айынындын ортосунда сууда сүзүүчүлөр клубунун бирикмеси жактыргандан тарта Япониянын булуң-бурчундагы 700 мекемеден  16 миң буйрутма келип түшкөн.


Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-suuda-szchlr-da-betkap-tagynyshat



Добавить комментарий