Японияда күтүлүп жаткан тайфунга байланыштуу 150дөй аба каттамы убактылуу токтотулду

29 июля 2018 00:05 1687 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 28-июлда кечке маал күтүлүп жаткан тайфунга байланыштуу Японияда 150дөй аба каттамдарын убактылуу токтотушту. Бул туурасында NHK телеканалы билдирет. 

Алдын-ала берилген маалыматтарга ылайык, катуу жааган  жамгырдан улам жана аба-ырайынын туркусуз абалына байланыштуу тайфун күтүлүшү мүмкүн деп билдиришкен. Токиого жакын жайгашкан Тиба жана  Канагава аймактарында элди эвакуациялоо иштери жүрүп баштады.  Япониянын улуттук метеорология борборунун берген маалыматына караганда тропикалык жактан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 40-50 метрден, кээде андан да жогору болуп жаткандыгын айтышат. 

Эске сала кетсек, мындан бир апта мурда Японияда ысык абадан улам 65ке жакын адам каза болуп, 22 миңдей ооруканага жатып калышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-ktlp-zhatkan-tajfunga-bajlanyshtuu-150dj-aba-kattamy-ubaktyluu-toktotuldu



Добавить комментарий