Японияда 19 майыпты өлтүргөн киши өлүм жазасына тартылмай болду
Япониянын Иокогама округунун соту 2016-жылы майыптардын имаратына кирип барып аларды өлтүргөн Сатоси Уэмацуну өлүм жазасына тартты. Сот прокуратуранын талабын орундаткан. Өкүм 16-мартта чыкканын NHK басылмасы билдирди.
Эске салсак, окуя 2016-жылы июлда Сагамихарда болгон. Имараттын ичинде 18 жаштан 75 жашка чейин 150 майып болгон. Уэмацу 19 кишини өлтүрүп, 20 кишини жарадар кылган.
Ал аталган жайда үч жыл иштеп, кырсык болордун алдында бир нече ай мурда бошогон. Ал акылы жактан артта калган майыптарды киши деп санабай турганын айтып, аларды кыйынчылыктан куткарганын белгилеген. Айыпталуучу баңгизатын да колдонгону белгилүү болгон.
Сот болуп жаткан учурда дагы айыпталуучу ага келген майыптарды бир нече ирет мазактап, кемсинткен.
Японияда өлүм жазасына тартылгандар асылып өлтүрүлөт. Шектүүгө соттун өкүмү эртең менен билдирилип, ошол күнү өлүм жазасына тартылат.
Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-19-majypty-ltrgn-kishi-lm-zhazasyna-tartylmaj-boldu
Добавить комментарий ×