Япония 2023-жылы биринчилерден болуп жыгач спутнигин космоско учурат
Япония биринчилерден болуп жыгачтан жасалган спутникти 2023-жылы космоско учурууну пландап жатат. Бул тууралуу YCNews басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Киото университети жана Япониянын токой чарбасынын Sumitomo Forestry компаниясы биригип, дүйнөдөгү биринчи жыгач спутникти иштеп чыгышты.
Сумитомо токой чарбасы температуранын кескин жогорулашына жана күндүн нуруна өтө туруктуу турган жыгач материалдарын иштеп чыгуу боюнча иш алып бараарын билдирип, бак-дарактардын өсүшү жана жыгачтын негизиндеги материалдарды космосто колдонуу боюнча изилдөө иштерин баштады.
Жыгачты тандоонун себеби, була структуралык кездемеден жасалган спутниктер атмосферага зыяндуу заттарды чыгарбай күйүп, же атмосферага тараганда зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
"Биз Жердин атмосферасына кайра кирген бардык спутниктердин күйүп, алюминий кычкылынын кичинекей бөлүкчөлөрүн жаратып, узак жылдар бою атмосферанын жогорку катмарында калкып жүрө тургандыгы бизди абдан тынчсыздандырат", - деди япониялык астронавт жана Киото университетинин профессору Такао Дой.
Бул акыры Жердин айлана-чөйрөсүнө таасирин тийгизет деп кошумчалады. Анын айтымында, спутникти жаратуунун кийинки этабы инженердик моделди иштеп чыгуу, андан кийин учуунун моделин чыгаруу болот. Спутник алты айдан бир жылга чейин Эл аралык космос станциясы (ЭКС) менен бир орбитада болот жана Жерге жыгачтын деформациялык күчү жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз жөнөтүп турат.
Такао Дои 2008-жылы март айында ЭКСке космонавт катары барган жана микрогравитацияда колдонуу үчүн атайын иштелип чыккан, бумерангды космоско алып барган биринчи адам болгон.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун (WEF) маалыматы боюнча, Жердин айланасында 6000дей спутник айланат. Алардын 60 пайызга жакыны иштебейт жана космостук таштандылар. Euroconsult изилдөө фирмасы ушул он жылда жыл сайын 990 спутник учурула тургандыгын, демек, 2028-жылга чейин орбитада 15 000 спутник болушу мүмкүн экендигин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/yaponiya-2023-zhyly-birinchilerden-bolup-zhygach-sputnigin-kosmosko-uchurat
Добавить комментарий ×