«Яндекс.Такси» кызматынын таксистти 29 жаштагы келинди унаадан зордуктады
Россиянын Челябинск областынын Сосновский районунда «Яндекс.Такси» кызматынын айдоочусу 29 жаштагы жүргүнчү аялды жеткирип баратып, жолдон зордуктады. Бул тууралуу 74.RU кабарлады.
Таксист мындай кылмышка 27-майда түнү барган. Укук коргоо органдары аны дароо колго түшүрүштү.
“Шектүү кармалды. Кылмыш иши козголду”,-деп билдирген 74.RU сайтына аймактык Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Валентин Ведерников.
Маалыматтарга караганда 39 жаштагы таксист жаш келинди Таловка поселегонун жанынан зордуктаган. Буга чейин ал зордуктоо беренеси менен эки жолу соттолгон.
Бул боюнча түшүндүрмө берген «Яндекс.Такси» кызматы кардардан тапшырык келип түшкөнүн тактоо иштери жүрүп жатканын, бул боюнча укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/yandekstaksi-kyzmatynyn-taksistti-29-zhashtagy-kelindi-unaadan-zorduktady
Добавить комментарий ×