ИИМдин коомдук кеңешенин төрагасы блокпостто турган милиционерлерге беткап таратты
ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында блокпосттордо турган милиция кызматкерлери үчүн бет каптарды таратты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу милиция кызматкерлери өз кызматтарын күчөтүлгөн ирээтте өтөшүп, жарандардын коопсуздугу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө.
Ушуга байланыштуу, коронавирус илдетинин жайылып кетишин алдын алуу боюнча өздөрүнө тиешелүү болгон чараларды көрүп жаткан милиция кызматкерлерине бет каптарды таратып, жарандык милдетин аткарууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов дагы киришти.
Ялкун Даутов өз эсебинен сатып алган 500 даана бет капты Бишкек шаарында блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине таратты. Анткени эпидемия маалында медициналык бет каптарды эки-үч сааттын ичинде алмаштырып туруу зарыл болгондуктан, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында көчөдө турушкан кызматкерлерге дагы көп керек болот.
Ссылка: https://barometr.kg/yalkun-dautov-z-esebinen-kyzmatkerlerge-bet-kap-taratty
Добавить комментарий ×