Якутиянын башчысы эмгек мигранттарын жалдоого тыюу салды
Якутиянын башчысы Айсен Николаев чет өлкөлүк жумушчуларды жалдоого тыюу сала турган ишмердүүлүктүн түрлөрүн кеңейтти. Бул тууралуу Саха (Якутия) республикасынын башчысынын жана аталган республиканын өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
27-мартта Айсен Николаев 2019-жылы патенттин негизинде иштеген чарба субъектилерине чет элдик жарандарды тартууга тыюу салган жарлыкка кол койду.
Айсен Николаев чет элдик жумушчуларды жалдоого тыюу салынган экономикалык ишмердиктин тизмесин кеңейтти. Ага ылайык патент менен иштеген чет элдик жарандар илимий- техникалык ишмердикте, укук жаатында, архитектура, бухучет, инженердик-техникалык долбоорлоо иштеринде, илимий изилдөө иштеринде эмгектене албайт.
Ошондой эле ушул жылы чет өлкөлүк жумушчулардын азык-түлүк өндүрүшүндө, суусундук, кийим сатуу, жүргүнчү ташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда иштөөсүнө тыюу салынды.
Айыл,токой чарба, аңчылык, кайра иштетүү, курулуш, соода, транспорт, мейманкана тейлөөсүн камтыган 33 экономикалык ишмердикти мындан ары чет өлкөлүктөр жүргүзө албайт.
Ошондой эле патенттин баасы кымбат чекте көрсөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/yakutiyanyn-bashchysy-emgek-migranttaryn-zhaldoogo-tyyuu-saldy
Добавить комментарий ×