Якутия: кыргыздар жок бир күн

25 марта 2019 10:17 3323 Barometr
Поделиться в:
ok

Якутск шаарынын жашоочусу О. В.нын макаласы SAKHAPRESS сайтына жарык көрдү, ал анда жергиликтүү тургундардын бир катар митингдерден соң ишке чыкпай калган мигранттарсыз жашаган бир күнү тууралуу баяндайт.

Жашоо сүртүмдөрү: кыргыздарсыз бир күн 

Кыргыздар жок, ошондой эле тажиктер, өзбектер, армяндар жана кытайлар жок бир күн. Жашоодо алар жөн гана жумушка чыкпай калган бир күн.

Кечээ кечинде мен эч жерден нан сатып ала алган жокмун, анткени жогоруда аталган улуттун өкүлдөрүнүн гана дүкөнчөлөрдө нан сатылгандыктан, бир жагынан көпчүлүк наабайканалар аларга таандык болгондугунан улам сатып ала албадым.

Андан соң балам экөөбүз кечинде бала бакчадан чыккандан кийин аялдамада үшүп-тоңуп турдук, автобустардын бир бөлүгү каттамга чыккан жок.

Эртең менен картошка ала албай калдык, мурда мигранттардын дүкөнүнө бир кадам аттап барып калар элек, ал эми сүттү болсо кымбатка сатып алдык. Арзан азык-түлүк саткан өзбектердин дүкөнү узун-туурасынан жабылыптыр. Эртең мен балдарыма трусылар менен байпактардын топтомун ала албайт окшойм, анткени баардык жерде 200дөн сатышат, кыргыздар алтымыш рублден сатчу эле.

Биз эптеп-септеп бир күн чыдадык, дагы бир-эки күн чыдайбыз, бирок бүгүнкү күндө биз алардын тейлөөсү жок калганга таптакыр даяр эмеспиз: алар бизди тойгузуп, алар бизди каттамга чыгарып, алар бизге курууш куруп берип, таң атпай соода кылып биз жасабаган нерселерди жасап жатышат.

Бүгүнкү күндө мигранттар деп аталгандар, көпчүлүк учурда Россиянын жарандыгын мыйзамдуу алгандар жана коомдун бир катмарын түзүп турушат. Алардын көбү эркин аябай эле жүздү ачып тааныла турбаган же олуттуу билимди талап кылбаган тармактарды ээлеп алышкан. Бул тармактарды жергиликтүүлөр деле алсак болмок, бирок биз автобус айдоону, өтүк ултарууну, шаурма жана башка тез бузулуп кетчү жер-жемиштерди сатууну колго алган жокпуз.

Кыргыздарсыз каякка барабыз?

Сен антип ойлонбо, аларды кубалап жиберебиз жана ордуна отуруп калабыз деп. Өзбектерди кубалап жатасыңбы анда алар өстүргөн жемиштерди өстүр, туруктуу жеткирүүчүлөрдү тап, ар бир кадам сайын дүкөндөрдү коюп сат, мурда кадам сайын дүкөндөр болчу бирок жергиликтүүлөр анда пиво сатып отурушчу. Кептин кыскасы баарына ыңгайлуу болгондой кыл.

Жок, сен кытайдын фабрикаларынын кийим-кечектерин алып келбе, пахта эк жана кездеме току, биздин мектеп формаларын тигип, анча кымбат эмес баага сат.

Эртең менен таң атпай туруп таза автобуска отуруп техкароодон, медкароодон өт, чындап эле эч бир ичимдик жутуп албай туруп, рулга отуруп чылым чекпей унчукпай айда, биздин жүргүнчүлөр менен кандай гана сабыр керектигин элестетип көр!

Жасасаң аягына чейин чыгар, алар курган батирлерден дагы көчүп чык, алар саткан кийимдерди чечип ыргыт, алар ташып жүргөн жол чакырымдарын жөө бас!

Кыргыз, кытай, өзбек биздей эле адамдар. Жок алар бизден бир нерсени күч менен тартып алган жок, алар биз ыргытып жиберген нерселерди эч ким кылгысы келбеген жумуштарды кылышууда. Канча талашсак да факт деген факты боюнча калат.

Бүгүн биз бизге келгендерди сыйлагыбыз келбейт, бирок эртең биз бир жака чыгып калсак ушул эле мамиле менен бет келишебиз, анткени бумеранг мыйзамын эч ким алып салган жок. Анткени биз өзүбүздө эле арий улуту болуп отура албайбыз да. 

Толеранттуулукту сен жана сенин балдарың өз айланасында отура бербей дүйнөгө саякаттасын деп ойлоп табышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/yakutiya-kyrgyzdar-zhok-bir-kn



Добавить комментарий