WhatsApp көп күттүргөн функциясын ишке киргизди

3 июля 2023 16:34 622 Barometr
Поделиться в:
ok

WhatsApp колдонуучуларга видеолорду жогорку сапатта жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу WABetaInfo билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Жаңы функция эми iOS негизиндеги мессенджердин бета версиясынын колдонуучулары үчүн жеткиликтүү, ал тиркемеге акыркы жаңыртууну орноткон колдонуучуларга жогорку сапаттагы видеолорду жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.  
Инновацияны колдонуу үчүн тиешелүү белгини басышыңыз керек. 

"Жаңы опция колдонуучулардын видеолорду баштапкы сапатта бөлүшүүсүнө жол бербейт, бирок бөлүшүлгөн видеолордун сапаты кескин жакшырат деп ишендире алабыз", - деп жазышты бета-версиясын сынаган аналитиктер.   

Белгиленгендей, видеолорду жогорку сапатта жөнөтүү функциясы статустарга колдонулбайт.
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/whatsapp-kp-kttrgn-funkciyasyn-ishke-kirgizdi



Добавить комментарий