Военно-Антоновка балдар үйүнүн директору убактылуу иштен четтетилет

16 июня 2021 17:51 1003 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 16-июнда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндөгү тарбиялануучунун өлүмү боюнча көчмө кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кеңешмеге балдардын укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Анда Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу И.Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайы каралып, жарандык активисттердин суроолоруна жооптор берилди.

"Кеңешмеде тарбиялануучунун өлүмүн иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин аракеттери же аракет көрбөгөнүнөн улам келип чыккан кайгылуу окуя үчүн жоопкерчилигин кароо чечими кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигине Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чаралары бүткөнгө чейин кызматынан убактылуу четтетүү, ошондой эле министрликтин кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигин, алардын ээлеген кызмат ордуларына ылайыктуулугун кароо сунушталды.

Ошондой эле болуп өткөн трагедияга байланыштуу Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, алардын ичинде каза болгон баланын бир тууганы Б. Якунинге психологиялык жардам көрсөтүү тапшырылды",- деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/voenno-antonovka-baldar-jnn-direktoru-ubaktyluu-ishten-chettetilet



Добавить комментарий