Путин "Жерүй" алтын кенинин ачылыш аземине онлайн катышат

15 марта 2021 17:33 987 Barometr
Поделиться в:
ok

“Жерүй” кениндеги алтын рудасын иштетүүчү комбинатты ишке киргизүүгө арналган салтанаттуу ачылышка Садыр Жапаров жеринен катышса, Россиянын президенти Владимир Путин онлайн катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-мартта Талас облусунда  “Жерүй” кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.

"Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.

Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында тазаланат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка  ээ болот”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/vladimir-putin-zherj-altyn-keninin-achylysh-azemine-onlajn-katyshat



Добавить комментарий