Владимир Путин Кыргызстанга келгенде кандай маселелерди талкуулайт?

23 марта 2019 10:50 1208 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекке жасай турган иш сапарынын алкагында  ЕАЭБдин интеграциялык процесстери тууралуу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.  

«Росконгресс» берген маалыматка таянсак, Дмитрий Песков россия-кыргыз мамилелеринин башкы аспектилерин белгилеп өттү.

“Эң негизгиси биз күтүп жаткан маселе-сүйлөшүүлөр. Россия менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелери, ЕАЭБдеги интеграциялык процесстер жана эл аралык маслелер талкууланмакчы”,-деп белгилеп өттү Песков.

Россиянын президентинин иш сапары Бишкекте 27-28-мартта өткөрүлө турган “Стратегиялык шериктештиктин жана интеграциянын жаңы горизонттору” деп аталган россия-кыргыз аймактар аралык 8-конференцияга байланыштуу болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/vladimir-putin-kyrgyzstanga-kelgende-kandaj-maselelerdi-talkuulajt



Добавить комментарий