Владимир Путин Кыргызстанга келет

29 сентября 2018 15:05 903 Barometr
Поделиться в:
ok

Россинын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин Тажикстандагы жолугушуу учурунда белгилүү болду.    

 Белгилей кетсек,  ушул күндөрү Душанбеде КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин саммити өтүүдө.

Жээнбековдун айтымында, Россия Кыргызстандын экономикалык өнөктөштөрүнүн арасынан ишенимдүү түрдө биринчи орунда турат.

Өз кезегинде Путин буга чейин сүйлөшүлгөн пландар ишке ашып жатканын белгиледи.

Соңунда Путиндин Кыргызстанга болгон  иш сапарынын мазмунун иштеп чыгуу тапшырмасы тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/vladimir-putin-kyrgyzstanga-kelet



Добавить комментарий