Визажист Гоар Аветисян жолдошу менен 2 жылдык никеден кийин ажырашып кетти
Белгилүү визажист Гоар Аветисян жолдошу Вагик Мартиросян менен эки жылдык никеден кийин ажырашып кетти. Бул тууралуу Гоар өзүнүн жеке инстаграм баракчасынан айтып чыкты.
Эң алгач алар чогуу түшкөн сүрөттөрү менен интернет баракчаларынан бөлүшпөй калганын байкаган катталуучулары чууга түшүшкөн. Көпчүлүктү кызыктырган суроого Гоар өзү жооп берген. Бирок эмне себептен ажырашып кетишкендери тууралуу экөө да маалымат бере элек.
Элдин сүймөнчүлүгүнө айланган бул эки жаштын эки ажырым жолго түшүүсү көпчүлүкө күтүлбөгөн жана капалуу кабар болду.
Белгилей кетсек, Гоар Аветисян өзүнүн визажисттик эмгеги менен таанымал болгон. Анын истаграмында 6 млнго жакын катталуучусу бар.
Гоар 2018-жылы Кыргызстанга келип блогер Айжан Асемованы боенткон.
Добавить комментарий ×