Видео.Террорчу маймыл жашоочуларды 9 күн бою кыйнап, бир аял каза тапты

25 мая 2019 09:30 6489 Barometr
Поделиться в:
ok


Террорчу маймыл жашоочуларды 9 күн бою кыйнап, бир аял каза тапты. Алар 9 күн бою шаар жашоочуларынын үшүн алган жапайы маймылдын кылыктарынан соң, чара көрүүнү талап кылышууда. 

Жаракат алгандардын бири, 60 жаштагы Натур аттуу аял каза тапкан. Дагы 10 адам жаракат алган. Жергиликтүү оорукана кутурмага каршы дары бербегендиктен, эл ого бетер кыжырдана башташкан.

Нааразы болгондор жолду бөгөшүп, баш аламандык жаратышкан. Колумбия Сингх округунун полициясы жарандарга токтоосуз чара көрүлөрүн билдиргенден соң тосмолор алынып баштаган. Ошондой эле кутурмага каршы дары дагы районго жеткирилген. Ал эми элдин үшүн алган маймыл токойчулар тарабынан изделип, үч сааттан соң кармалган. 

Бул окуядан бир жума мурда дагы Нирман Вихардагы  Axis Bank деп аталган банкта банктын кызматкерин маймыл барымтага алган окуя катталган. Кардарлар болсо банк кызматкерин эрмектеп жаткан маймылды күлүп гана карап турушкан. Маймыл болсо кызматкердин башын бир нече ирет тиштегенге аракет жасаган.

Ссылка: https://barometr.kg/videoterrorchu-majmyl-zhashoochulardy-9-kn-boyu-kyjnap-bir-ayal-kaza-tapty



Добавить комментарий