Видео."Риха" ишканасынын колбасаларынын ичинен темир чыкты

4 января 2019 14:28 3766 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Интернет колдонуучуларынын бири Назгуля Уметалиева "Риха" компаниясынын колбасасынын ичинен темир чыккандыгын видеого тартып жеке баракчасына жарыялаган. Анын айтымында жакшы көрүп жеген колбасысынын ичинен темир чыккан.

Видео чыгаары менен коопчулук "Риха" компаниясын катуу талкууга алды. Көпчүлүктүн айтымында бул ишкана мусулман дининде тыйуу салынган чочконун этинен жасайт дегендер да болду.

Пикир калтыруучулардын бири:

"Булардын сүттөрү да ачып кеткен. Кайрылып эч кандай жооп ала алган жокмун" -деп билдирди.

Ал эми видеонун автору:

"Урматтуу "Риха" компаниясы бул көрүнүшкө бир нерсе деп түшүндүрмө бере аласыңарбы? Силердин урааныңарда айтылгандай "Сапат биринчи орунда". Жаңы жылда ушул урааныңарды колдоносуңар деп ойлойм! Таң калуумда чек жок!" -деп катуу сынга алды.

Пикир калтыруучуларды басымдуу бөлүгү аталган компаниянын өндүрүшү сапатсыз экендигин жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/videoriha-ishkanasynyn-kolbasalarynyn-ichinen-temir-chykty



Добавить комментарий