Видео.Мектеп директоруна нааразы болгон ата-энелер Ак үйдүн алдына митингге чыгышты
Новопавловка айылындагы № 1 Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп-лицейдин окуучуларынын ата-энелери Ак үйдүн алдында митингге чыгышты. Алар мектеп директору ашыкча акча чогултуп жатат деп күнөөлөшүп, мектепте уюшулган фондду жоюуну талап кылышууда.
Учурда аталган мектепте 4500 бала билим алат. Ата-энелердин айтымында ай сайын 500 сомдон 3 миң сомго чейин акча чогултулат.
Ата-энелер чогулган акча кайда кетип жатат деп нааразы болушууда. Алар мектеп директорун камакка алууну талап кылышты.
Ата-энелердин бири: “Балдар 30 мүнөттөн эле окуп жатат. Окуучу 45 мүнөттөн окуш керекпи? Анан калса бир класста 44 окуучу батпай отурушат.Андай болсо эмнеге 700 сомдон ай сайын алат. Башында акча төлөбөй эле окутчубуз. 100 сомдон башталды”,-деп нааразы болду.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ата-энелер менен жолугушуп маселени жөнгө саларын айтты.
Добавить комментарий ×