Видео.Күйүүчү май уурдайм деп күйүп кеткен өмүрлөр. Мунай уурдаган 71 адам жаракат алып 20 киши каза болду

19 январь 2019 13:14 1109 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok



Мексикада күйүүчү май өтүүчү Туспан-Тула түтүгү жергиликтүү жарандар уурулук кылып жаткан учурда жарылып жыйынтыгында 20 жаран каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 350 жергиликтүү жаран чогулуп битон жана канистирлерге күйүүчү май уурдоого аракет кылышкан. Мунай өтүүчү түтүк уурулук жасалып жаткан учурда жарылып 20 адамдын өмүрүн алып кеткен. Ага кошумча 71 адам жаракат алган.

Калаа башчысы Клаудия Шейнбаум кырсык болгон жерге 4 медициналык тик учак жибергендигин билдирди. Окуя болгон жерде жайгашкан туругундар көчүрүлүп, аймак курчоого алынды.

Буга чейин ууруларга согуш жарыялаган президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор жабыркагандарга бийлик жардам берээрин айтууда.


Ссылка: https://barometr.kg/videokjch-maj-uurdajm-dep-kjp-ketken-mrlr-munaj-uurdagan-71-adam-zharakat-alyp-20-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий