Видео. Жогорку Кеңештин депутаты КР гимнин өз оюнан чыгарып туура эмес ырдап уят болду
Поделиться в:
Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаевдин КРнын гимнин туура эмес оюнан чыгарып ырдаганы интернетте дүң болду. Видеону көргөн эл депутаттын ырдаганына бир четинен күлкүлөрү келсе, экинчи жагынан кыргыз элинин атка минерлеринин абалын көрүп зээндери кейиди. Видеодо көрүнүп тургандай "Апрель" телеканалынын журналисти гимнди ырдап берүүсүн суранган. Депутат гимндин сөздөрүн өз оюнан чыгарып башкача кылып ырдап берди.
Пархат Тулендыбаев "Республика-Ата-Журт" фракциясынын алтынчы чакырылышындагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Улуту уйгур.
Ссылка: https://barometr.kg/video-zhogorku-keeshtin-deputaty-kr-gimnin-z-oyunan-chygaryp-tuura-emes-yrdady
Добавить комментарий ×