Видео. Жаңы “Атың өчкүр кредит” ырына зомбилер менен клип тартылды
Казактардын белгилүү “Бакай” жана “Азия” ыр топтору жаңы ыр чыгарышты. Ырдын аты “Атың өчкүр кредит” ( "Атың өшкір кредит") деп аталат.
Маалым болгондой, “Азия & BAQAY” тобунун буга чейин мега хитке айланган “Опмай опмай” клиби ютуб каналында 38 миллиондон ашуун көрүүнү топтогон. Бирок ага карабай айрым угармандар топтун жаңы чыккан клибин көп жактыра беришкен жок.
Клипте аткаруучу жигиттер өздөрүн зомбинин образында алып чыгышып элди кредит алса ушундай абалда болуп калат деген көрүнүштү көрсөтүугө аракет кылышкан. Ага карабай көпчүлук аталган клипти провокация деп атап, аткаруучулардын эмгегине төмөн баа беришүүдө. Ошентсе “Атың өчкүр кредит” ютуб каналында 2 күндүн ичинде 300 000 ден ашуун көрүүнү топтоду.
Ссылка: https://barometr.kg/video-zhay-aty-chkr-kredit-yryna-zombiler-menen-klip-tartyldy
Добавить комментарий ×