Видео. Жарым жылаңач клипке тартылып, ырдаган кыргыз кыздары
"Кыз" деп аталган кыргыз кыздарынын жарым жылаңач денесин көрсөтүп ырдаган жаңы клиби пайда болду. "Атың чыкпаса жер өрттө"- дегендей, төштөрүн көргөзүп ырдаган, клипке тартылган кыздардын жоруктары бат эле талкууга алынды. Анда Зере Асылбек деген аткаруучу кыз "Биздин эркиндигибизди эч ким чектебейт, каалагандай кийинебиз"-деген мааниде ырдаган.
Маалыматтарга караганда, клип мындан эки ай мурда тартылган. Бирок, аткаруучу Зере кечээ ютуб каналына киргизди. Зеренин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде "сындан коркпойм"деп айткан. Сын-пикир айтыла турчу нерсе, бирок мен ошончолук жаман кыздардан эмесмин"-деди.
Ссылка: https://barometr.kg/video-zharym-zhylaach-klipke-tartylyp-yrdagan-kyrgyz-kyzdary
Добавить комментарий ×