Видео. Ырчы Самара Каримова тартылган дагы бир кино жарык көрдү

23 марта 2019 10:29 3390 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


"Акшоола" кыргыз телесериалын көрбөгөн, атын укпаган кыргыз жараны жокко эсе. 2018-жылы чыккан бул сериалда ырчы Самара Каримова башкы ролду ойногон. Сериалды эл күтүп көрүп ютубтан да популярдуулукка жеткен эле. Анын баарын көпчүлүк Самара Каримованын башкы ролду мыкты деңгээлде жараткандыгы менен байланыштырышкан.

Эми минтип көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган ырчы жана актриса Самара Каримова башкы ролду ойногон дагы бир кино тасма жарык көрдү. Тасма "Сен экөөбүз" деп аталып анда таарынышып жүргөн жубайлардын жашоосу баяндалат.

Кинонун экрандарга чыкканы тууралуу Каримова өзү да инстаграм баракчасынан кабарлады.

Көпчүлүк ырчынын кино тасмага тартылууга кайсыл учурда жетишкенине таң калып талантына баа беришүүдө. Бирок, албетте, "Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей кино тасманы сынга алгандар да жок эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/video-yrchy-samara-karimova-tartylgan-dagy-bir-kino-zharyk-krd



Добавить комментарий