Видео. Ырчы концерт учурунда жаш баланын оозуна түкүрүп анан тээп койду

11 январь 2019 12:41 3190 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Казак ырчысы Торегали Тореали кичинекей баланын оозуна түкүрүп андан кийин көчүгүнө тээп койду. Бул көрүнүштүн видеосун ырчы өзүнүн жеке инстаграм баракчасына жүктөдү.

Видео чыгаары менен катуу талкуу жаралып Торегалинин күйөрмандары эки жаатка бөлүнүп алып ырчынын бул жооругун сынга алышты.

Көпчүлүк ырчынын бул жооругун туура эмес деп баалап: “бул кылганың туура эмес”, “кандай гана жагымсыз көрүнүш”, “баланы тепкени эмнеси”, “уялбайсыңбы” деген өндүү терс пикирлерин жазып калтырышты.

Ал эми ырчынын чыныгы күйөрмандары жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырышууда.

Эскерте кетсек, казак элинде эгерде жакшы сүйлөгөн же болбосо кандайдыр бир таланттын ээси жаш баланын оозуна түкүрүп койсо анын таланты, шыгы балага өтүп калат деп ишенишет.

Ссылка: https://barometr.kg/video-yrchy-koncert-uchurunda-zhash-balanyn-oozuna-tkrp-anan-teep-kojdu



Добавить комментарий