Видео. Ырчы Анжеликанын кызы атасын сагынып ыйладыбы?
Ырчы Анжелика Кайратова белгилүу болгондой өткөн 2018-жылы жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашып 3 кызын жалгыз тарбиялап келет. Ырчынын жашоосунда эмне жаңылык болуп жаткандыгы тууралуу ал өзүнүн жеке инстаграм баракчасы аркылуу эл менен бөлүшүп турат.
Анжелика акыркы жолу баракчасына кызы Элиманын кино көрүп чыккандан кийин таасирленип ыйлап жаткан видеосун жүктөдү. Ырчынын айтуусу боюнча кино ата-энеси таштап кеткен бала тууралуу болуп, ал балага Элиманын боору ооруп ыйлаган. А бирок бул көрүнүштү интернет колдонуучулары таптакыр башка мааниде кабыл алып, видео кызуу талкууга алынды.
Көпчүлүк пикир калтыруу бөлүмүнө:
“Элима атасын сагынганго”, “буйкушум, кошо ыйлаттыго”, “эмнеге атасынан ажырыттыңар?”, “чогуу жашагылачы”, “Анжелика балдарыңды ойлобойт белең ажырашып жатканда?” деген өңдүү көптөгөн терс ойлорун жана Элимага боор ооруткан пикирлерди жазып калтырышты.
Ссылка: https://barometr.kg/video-yrchy-anzhelikanyn-kyzy-atasyn-sagynyp-yjladyby
Добавить комментарий ×