Видео. Улакчы болууну самаган Аяна тууралуу тасма “Түрк дүйнөсүндө” баш байге утту
Кыргызстандык Айдана Топчубаеванын “Аяна” аттуу тасмасы “Түрк дүйнөсү” документалдык фильмдердин фестивалынын “студент” категориясында жеңүүчү болуп, башкы байгени утту.
Тасмада көк бөрү ойноп, улакчы болууну көксөгөн Аяна аттуу кыз тууралуу айтылат. Фестивалдын алкагында бул тасма Түркиянын 9 шаарында жана башка мамлекеттерде көрсөтүлөт.
Белек иш чарага катышкан Жогорку кеңештин депутаты Садык Шер-Ниязга тапшырылды.
Жеңүүчү кыз Айдана Топчубаева өзү катыша албаса да видео кайрылуу жасап, бул анын алгачкы тасмасы экенин белгилейт.
Быйыл тажрыйбалуу жана жаш режиссерлордун тасмалары конкурста эки: “Профессионалдар” жана “Студенттер” категорияда ат салышты. Жалпысынан түрк мамлекеттеринен 150 тасма конкурста санылган.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ulakchy-boluunu-samagan-ayana-tuuraluu-tasma-trk-djnsnd-bash-bajge-uttu
Добавить комментарий ×