Видео. Токтайым Үмөталиеванын кызы ырчы Бурашты турмуш жолуна узатуу тоюна кимдер барды?

18 октября 2019 22:04 17557 Barometr
Поделиться в:
ok

   


 Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын кызы, ырчы Максат Бегалиевдин балдызы ырчы Бурашты бүгүн, 18- октябрда турмуш жолуна узатуу салтанаты Фрунзе ресторанында өтүп жатат.  Бурашты турмуш жолуна узатуу тоюна күбө болуп жатышкан белгилүү ишкерлер, артистер, жана жакындары бул тууралуу социалдык тармакта билдиришти.

Тойдо  баардыгы нукура кыргыздын түркүн даамдары  менен суусундуктары даярдалганын көрүүгө болот.

Куттуктагандар:

Чынара Капарова “кыз узатуу улуттук боектор менен" деп жазды той тууралуу.

"Токтайым Үметалиева эжебиздин кызы Бураш сулууну турмушка узатуу салтанаты, барган жеринен бакыт тапсын”, - деген куттуктоосун жазды.

Ырчы, актриса, манасчы, дастанчы Ширин Сарыгулова эки жашка бакыт тиледи.
“Кыргыз элинин сыймыктуу кызы, Токтайым Үмөталиева эжекебиздин эрке кызы, Бураш кызыкебизди турмуш сапарына узатып, тууруна кондурдук. Эже тоюңуз кут болсун!" 

Журналист Элнура Кулева да эки жаштын тоюна ортоктош болгонун айтты.

 "Бүгүн белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кызы Бурашты турмуш жолуна узатып жатат..” , - деп фейсбук баракчасынан куттуктап өттү.


Ссылка: https://barometr.kg/video-ukuk-korgoochu-toktajym-mtalievanyn-kyzy-yrchy-burashty-turmush-zholuna-uzatty



Добавить комментарий