Украинада микроавтобус чоң унаанын астына кирип талкаланып кетсе дагы, ичиндегилер эч нерсе болгон жок

10 сентября 2018 18:00 2116 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Украинада микроавтобус айдап бара жаткан айдоочу уктап калып, каршы жагындагы келе жаткан чоң унаанын  астына кирип кеткен. Унаанын астынкы бөлүгү талкаланып, жарабай калганы менен айдоочу дагы, анын ичиндеги адамдар дагы эч нерсе болгон эмес. Бул тууралуу life.ru маалымат агенттиги жазды. Окуя 28-августта Украинанын Милуши Луцкий айылына жакын жерде болгон. Кырсыкка кабылгандарды жакынкы арадагы ооруканага жеткиришкен. Бирок, берилген маалыматтарга ылайык, бардык жүргүнчүлөр акыл-эсин жоготпой, абалдары канааттандырарлык деп билдирген куткаруучулар кызматынан. 

Ссылка: https://barometr.kg/video-ukrainada-mikroavtobus-cho-unaanyn-astyna-kirip-talkalanyp-ketse-dagy-ichindegiler-ech-nerse-bolgon-zhok



Добавить комментарий