Видео. U23 дүйнө чемпионаты: Жоламан жарым финалда
Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков U23 дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Жарым финалда ал украиналык Жора Абовян менен кез келет.
Грек-рим күрөшүнөн 60 кило салмакта ат асылышып жаткан Жоламан квалификациялык этапта Азербайжан балбаны Азгар Ализадени 19 секунданын ичинде 4 упайлык ыкмага чаап, далысын тийгизип, таза жеңди.
1/8 финалда орусиялык Артун Петросянды утту. Ал эми чейрек финалда кытайлык Лигуо Цао’ну 2 мүнөттө эсебин таап, 9:0 менен утту.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп жатат.
Буга чейин эркин күрөш жана кыздар күрөшү болуп өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/video-u23-djn-chempionaty-zholaman-zharym-finalda
Добавить комментарий ×