Видео. Төрт баласы бар эркек кызды жолугушууга чакырып коомдук дааратканада зордуктады

8 мая 2019 11:32 26571 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Алма-Ата шаарында үрөй учурган окуя болду, «Медеу» муз аянтынын жанындагы коомдук дааратканда зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу жабырлануучу «Алматы» телеканалынын кабарчысына билдирди.

Кыздын айтымында, ал март айында жигит менен таанышкан, ал аны ресторанга чакырган. Биринчи кездешүү акыркысы болуп калды. Алматалык кыз дааратканга кирген кезде жигит келип аны муунтуп, джинсысын чечип зордуктап кеткен. Эсине келген кезде дагы 3-4 ирет муунткан. Ресторандагылар бул учурда эч нерсени байкашкан эмес.

Жабырлануучу полицияга арыз берген.  

Эркек киши үй-бүлөлүү, 3 баласы бар экени белгилүү болду. Учурда аялынын төртүнчүсү боюнда бар. Жигит зордуктоо боюнча эки ирет, алдамчылык боюнча бир ирет соттолуп чыккан.

Учурда кыз укук коргоо органдарынан аны коргоону суранып жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-trt-balasy-bar-erkek-kyzdy-zholugushuuga-chakyryp-koomduk-daaratkanada-zorduktady



Добавить комментарий