Видео. Тажиктер БТР алып келип кыргыз тарап менен согушууга күн мурунтан даярдык көргөнбү?
Тажик тарап Лейлекте чек арада болгон окуяга карата күн мурунтан даярдык көргөн. Бул тууралуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга чекит коюлбай жатканына нааразы болгон эл Бишкектин Биринчи Май райондук акимчилигинде чогулган жыйында акциячы тарабынан айтылды.
“Тажиктер бир-эки күн мурда согуштук техникаларын (БТР) алып келген. Чек арадан жашаган элин, аялдарды, жаш балдарды алдын алып кооптуу жайга көчүрүп кетишкен. Биздин Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитети (УКМК) муну карабай эмне кылып жүрөт?”, - деп нааразычылык айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Тажикстандын мамлекеттик Туусун желбиретип алып ондогон БТР Лейлектеги кыргыз айылдарынан өтүп жатканы тартылган видео whatsapp’та тараган болчу.
Кечээ 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылындагы Тажикстан менен чек арада ок атышуу катталды. Анда 1 чек ара аскери набыт болуп 13 киши жаракат алган. Арасында жергиликтүү тургундар, жаш балдар бар. Алардын 10у Бишкекке жиберилген.
Ссылка: https://barometr.kg/video-tazhikter-kyrgyz-tarap-menen-sogushuuga-kn-muruntan-dayardyk-krgnb
Добавить комментарий ×