Видео. Тажиктер аткан октон кыргыз жоокери жаракат алды

18 декабря 2019 13:50 5401 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 18-декабрда Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылында тажик-кыргыз элинин ортосунда чыр чыгып, ок атылды.

Бул тууралуу айыл тургуну Абдумиталип Кумарбаев “barometr.kg” сайтына билдирди.

Тажик тарап биринчи болуп күтүлбөгөн жерден ок атып, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүмүнүн жоокери жаракат алды.

Эске сала кетсек, чыр-чатак бүгүн эртең менен тирешүүдөн башталып, таш атышууга айланган. Көп өтпөй тажиктер курал колдонгон.

Мамлекеттик чек ара кызматы абал турукташканын, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.


Ссылка: https://barometr.kg/video-tazhikter-atkan-okton-kyrgyz-zhookeri-zharakat-aldy



Добавить комментарий