Видео. Самара Каримова күйөөсү менен Ташкентте тартылган видео Соцтармакта талкууга түшүүдө

26 ноября 2019 14:12 6797 Barometr
Поделиться в:
ok


Ырчы Самара Каримов күйөөсү Асан Мансуров менен Tashkent City'де жүргөн видеосу соцтармакка чыгып, кызуу талкууланып жатат

Видеону ырчы кыз өзү тартып, күйөөсүн камерага карап сүйлөөсүн өтүнгөн.

Бул тасманы Самара Каримова өзүнүн instagram баракчасына жайгаштырып, астына “шеф ушундай куудул да😅🤪! Ушундай видео тарткан тамашалуу үй-бүлөлөр мени отметка кылыңыздар”, - деген билдирүү калтырган.

Ырчы айымдын катталуучулары постко “Эң сонун мындай бактылуу сезимдер ар бир инсанга насип кылган болсун”, “Мынча бактылуусуңар көз тийбесин”, “Романтичный үй-бүлө, бар болгула!!!”, - деген билдирүүлөрдү калтырышкан.

Кечээ коюлган видеону 24 миңге жакын адам көргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/video-samara-karimova-kjs-menen-tashkentte-tartylgan-video-soctarmakta-talkuuga-tshd



Добавить комментарий