Видео. Роберт Левандовски Чемпиондор Лигасындагы кезектеги покерди жаратты
Германиянын Бавария футболдук клубунун чабуулчусу Роберт Левандовски Чемпиондор Лигасында кезектеги покерин (1 беттеште 4 гол киргизүү) жаратты.
Бул окуя Сербиянын Црвена Звезда – Бавария клубдарынын тайпалык этаптагы кечээки беттешинде орун алды.
Бавариянын польшалык чабуулчусу беттештин экинчи бөлүгүндө удаасы менен төрт гол киргизди. Бул үчүн ага болгону 14 мүнөт керектелди.
Жалпы эсеп 6:0 Бавариянын пайдасына аяктады.
Роберт Левандовски муну менен аталган мелдештеги экинчи покерин жаратып жатат. Буга чейин ал Дортмунддук Боруссияда ойноп жүргөндө 2013-жылы жарым финалда Мадриддик Реал клубуна киргизген.
Эске сала кетсек, Европадагы престиждүү делген Чемпиондор Лигасынын тарыхында Марко ван Бастен (Милан), Симоне Индзаги (Лацио), Дадо Пршо (Монако), Руд ван Нистелрой (Манчестер Юнайтед), Андрей Шевченко (Милан), Лионель Месси (Барселона), Бафетимби Гомис (Лион) жана Роберт Левандовски (Боруссия Д) покер жасашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/video-robert-levandovski-chempiondor-ligasyndagy-kezektegi-pokerdi-zharatty
Добавить комментарий ×