Видео. Равшан Жээнбековду тытып салабыз деп митингден кубалашты

26 апреля 2019 15:24 2155 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн, 26-апрелде саат 10:00дөн баштап Кыргызстанда уран казып алууга каршы митинг башталды. Нааразылык акциясына коомдук уюмдун өкүлдөрү, экологдор, жарандык активисттер, КСДП партиясынын, Ата-Мекен партиясынын өкүлдөрү катышууда. Аталган митинггде Жогорку Кеңештин экс-депутаты  Равшан Жээнбеков  сөз алып сүйлөөгө аракет кылганда чогулгандар “пиар кылганы келген” дешип микрофон бербей коюшту.  

Бир нече адам Равшан Жээнбеков акциядан кетишин талап кылышты. “Кетпесеңиз тытып салышат” деп Жээнбековду алыс алып кетүүгө аракет кылган адамдар да болду. Талаш-тартыш учурунда “Эл келесоо эмес, баарын түшүнөт” дешти. Соңунда Жээнбеков митингчилерден кетти

Эскерте кетсек, уран кендерин иштетүүгө каршы митинг Бишкектеги борбордук аянтта өтүп жатат. Жарандар Кызыл-Омпол аятына караштуу Таш-Булак кенинде уран кенин иштетүүгө нааразылык билдирип чыгышты.

Кенди чалгындоого 2010-жылы "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясы лицензия алган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги иштер токтотулганын  маалымдаганына болбой акциянын катышуучулары митинг өткөрүштү.  

Ссылка: https://barometr.kg/video-ravshan-zheenbekovdu-tytyp-salabyz-dep-mitingden-kubalashty



Добавить комментарий