Видео. Президент Сооронбай Жээнбеков Ташкентке келди

29 ноября 2019 11:26 1400 Barometr
Поделиться в:
ok


Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Ташкентке келди. Өлкө башчысын Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов тосуп алды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышат. Жыйындын күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/video-prezident-sooronbaj-zheenbekov-tashkentke-keldi



Добавить комментарий