Видео. Полицияны кой сүзүп кетти

24 мая 2019 11:30 1830 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Англиянын Ланкастер шаарында полициялардын иттерин үйрөткөн кызматкер койду кармоого аракет кылган. Бирок колго түшкүсү келбеген кой полициянын өзүн сүзө качырып, качып кеткенин news.com.сайты жазды.

Жергиликтүү тургун Facebook тармагына видео жарыялады. Ага «Айылдык полиция Lancs, мыкты эмгек. Койдун кебетеси аюунукундай деп болжоп жатам, бүгүн эртең мененки окуя!»,-деп жазган.

Полициянын Ланкастердеги бөлүмү койду ийгиликтүү кармашканын, бактыга жараша офицер жабыркабаганын кабарлады.

Ссылка: https://barometr.kg/video-policiyany-koj-szp-ketti



Добавить комментарий