Видео. Парламенттик делегация Түркиядагы Кыргыздар күмбөзүн зыярат кылышты

19 июля 2019 11:37 1169 Barometr
Поделиться в:
ok


Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына жасаган расмий сапары учурунда Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүн зыярат кылып, куран окутушту.Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Түркиянын тарыхый мурастарынын бирине кирген бул күмбөздө 1331-жылдары түрк боордошторго Изникти каратып алууга жардамдашкан кыргыз жоокерлеринин сөөгү коюлган.

Кыргызстандан барган делегацияны шаардын мэри Каган Мехмет Уста жана аймактык жетекчилер тосуп алды. “Изник шаарындагы Кыргыз күмбөзү Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жүздөгөн жылдарга созулган бекем достугунун символу болуп калды. Биздин ата-бабаларыбыз бири-бирине эч качан жардамын аяган эмес. Мындан кийин дагы эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилебиз улана берет” – деди Төрага Жумабеков.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын Түркия республикасына расмий сапары 15-июлдан 18-июлга чейин уланмакчы. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Ссылка: https://barometr.kg/video-parlamenttik-delegaciya-trkiyadagy-kyrgyzdar-kmbzn-zyyarat-kylyshty



Добавить комментарий