Видео. ONE Championship’тин чемпиону Кямран Аббасов Кыргызстанга келет
ONE Championship мушкерлер мелдешинин кыргызстандык туңгуч чемпиону Кямран Аббасов жакынкы күндөрү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ал социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуусунда билдирди.
Мушкер кайсыл күнү келерин так айткан эмес. Кямран мекендештерине кыргыз тилинде кайрылып, чемпиондук беттеште колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирген.
Ал ошондой эле тууганы Якуб Алиевге жеке салам жолдоп, ыраазычылык айтат.
Эске сала кетсек, Кямран Аббасов 25-октябрда Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн ONE Championship мушкерлер мелдешинде чемпион болгон. Мелдештин жарым-орто салмагынын чемпиондук куру (наам) үчүн беттеште ал швециялык Себастьян Кадестам’ды жеңген. Мушташта таза артыкчылык көрсөткөн мекендешибизди калыстар да бир добуштан жеңүүчү деп тааныган.
Эрежесиз эр уруш спортунун чебери Кямран Аббасов ONE Championship мушкерлер мелдешинде Кыргызстандан чыккан алгачкы чемпион болуп калды.
Ссылка: https://barometr.kg/video-one-championshiptin-chempionu-kyamran-abbasov-kyrgyzstanga-kelet
Добавить комментарий ×