Видео. Назира Жетигенова Аваз Акимов менен "фигурасынын" айынан урушуп кетти

27 декабрь 2018 23:40 14546 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Кечээ, 26-декабрда Аваз Акимов өзүнүн Instagramдагы жеке баракчасына Назира Жетигенова жана Фарида Карбосова менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Сүрөт жарыяланаары менен катуу талкууга алынып кеткен. Көпчүлүк Назиранын "фигурасын" сынга алып, терс пикирлерин калтырышкан. Ал эми бүгүн күбөлөрдүн бири эки "жылдыздын" дал ошол сурөттүн айынан кайым айтышып жаткан видеосун соцтармактарга таратты.

Видеодон Назира Жетигенованын сүрөттү жүктөгөндүгү үчүн Аваз Акимовго жинденип жатканын көрүүгө болот.

Жетигенованын "сүрөттү өчүрүп салчы?!" дегенине карабай Аваз:

"10 миңден ашык лайк болуп кетти, өчүрө албайм" -деп кесе жооп бергени бар.

Ал эми ырчынын баракчасына кирип караганыбызда ал сүрөттү өчүргөндүн ордуна "пикир калтыруу" бөлүмүн гана өчүрүп койгондугуна күбө болдук.



Ссылка: https://barometr.kg/video-nazira-zhetigenova-avaz-akimov-menen-figurasynyn-ajynan-urushup-ketti



Добавить комментарий