Видео: Назира Айтбекова менен Илим Карыпбеков дуэт ырдашты

23 октября 2019 21:50 7550 Barometr
Поделиться в:
ok

Актриса, алып баруучу, журналист Назира Айтбекова ырчы Илим Карыпбеков менен "Бакытка карай" аталышындагы чыгарманы дуэт ырдашты.

Ырдын сөзү Эрнис Түмөнбаевдики, обону Жазгул Жуманованыкы. 

Алып баруучу өзүнүн куржунун ыры  менен да толуктады.

“Кээде чочуганда ырдап коем! Жазгүл Жумаканова эжемдин керемет обону, Эрнис Түмөнбаевдин керемет сөзүнө жазылган "Бакытка карай" аталышындагы чыгарма Илим Карыпбеков экөөбүздүн аткаруубузда",  - деп Айтбекова клип тууралуу жазды.

Айтбекова ырчы менен КТРдин экс-директору Илим Карыпбеков эки башка экенин тактады.

Болгону аттары жана фамилиялары окшош экенин белгиледи.

Андан тышкары өзү да кээде алмаштырып жүргөнүн соцалдык баракчасынан билдирип өттү.

"Ушул Илимге чалам деп далай КТРдин экс-директору Илим мырзага чалып, "КТР дин алдында турам. Болбойсуңбу, алып кетпейсиңби! " деп кыйкырган күндөр көп болду! Аягында Илим байке тажап кетип, - Ай, Айтбекова, мени "Желмогуз Илим" деп каттап койчу!" - деди эле",– деп тамаша сөзүн да социалдык баракчасына жазды Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/video-nazira-ajtbekova-menen-ilim-karypbekov-duet-atkaryshty



Добавить комментарий