Видео. Мушкер Азат Үсөналиев Олимпиада чемпиону өзбек мушкери Шахабиддин Заировго жеңилди
Кыргызстандык белгилүү мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым чейрек финалда өзбекстандык мушкер, Олимпиада чемпиону Шахабиддин Заировго жеңилип калды.
Бул тууралуу жеринен Кыргызстан улуттук курамасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында, Азат бул беттеште жакшы мушташты, деген менен Олимпиада чемпиону артыкчылык көрсөткөн.
“Азат мыкты даярданган болчу. Атаандаш тажрыйбалуу, олуттуу экенин билет. Ошондуктан өзгөчө токтоолук менен беттешке чыккан. Эми тажрыйба өз сөзүн айтты. Упай айырмачылыгында өзбек мушкери жеңип кетти”, - деди машыктыруучу.
Эске сала кетсек, 52 кг самакта күч сынашкан мушкерибиз Азат буга чейин румыниялык Мариан Габриэль Чиопу’ну таза артыкчылык менен уткан болчу.
Орусиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча мааракелик XXV дүйнө чемпионатынын тогузунчу күнү өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн келген 450дөй мушкер күч сынашууда.
Добавить комментарий ×