Видео. Мугалим 5 жаштагы кызды буту менен ыргыта тепкен
АКШнын Канзас штатындагы Шони шаарында китепканадан чыкпай койгон кызды башталгыч класстын мугалими буту менен тепкен. Бул тууралуу Daily Mail кабарлады.
Кыздын апасынын айтымында, анын кызынын колу мектептен келгенден кийин кызарып жүргөнүн байкаган. Ата-энеси анын эмне болгонун сураган кезде кыз экинчи ирет мектепке барбай турганын, мугалими жаман экенин айткан.
Окуядан кийин мектепке барган ата-энесине мугалим алардын кызы тентектенип аны буту менен тепкилей баштаганда жазалаганын айткан.
Бирок кыздын ата-энеси мугалимге ишенбей видео камеранын жазуусун каратууну чечишкен. Видодон мугалимдин айтканы теңирден тескери болуп чыкты. Кызды мугалим тээп жибергени аныкталды.
Учурда башталгыч класстын мугалими ишинен бошотулду. Мектеп администрациясы расмий түрдө кечирим сурады.
Ссылка: https://barometr.kg/video-mugalim-5-zhashtagy-kyzdy-butu-menen-yrgyta-tepken
Добавить комментарий ×