Видео. Москвадагы мекендештерин сүзүп кеткен Бекжан Сарбишевдин апасы окуяга тиешеси жок балдардын аттарын атады
Поделиться в:
Москвадагы мекендештерин сүзүп кеткен Бекжан Сарбишевдин апасы окуяга тиешеси жок, күнөөлөрү жок балдардын аттарын атады. Кырсык болгон жерде окуядан жабыр тарткандардын төртөө гана чыр-чатакка байланыштары бар болсо, калгандары жөн гана орто жолдон кырсыкка кабылып калышкан. Бекжан Сарбишевдин апасы жаракат алган балдардын туугандарынан, ата-энесинен кечирим сурап, атайын видео аркылуу кайрылуу жасады.
Эске салсак, 9-сентябрда Москванын Новочеркасский бульварында рулда отурган адам кыргызстандык мекендештерин тебелетип кеткен. Анда 21 жаштагы Бекжан Сарбишев экендиги такталып, окуяны иликтей келгенде карындашына тийишкен балдарга жини келип, рулду башкара албай калгандыгы маалым болгон.
Добавить комментарий ×