Видео. Мирбек Атабековдун ачык тартылган клиби чыкты. Буга аялы: "Бул болгону чыгармачылык, мен жолдошум менен сыймыктанам!"деди
Кыргызстандагы мегажылдыз Мирбек Атабеков казак ырчысы Камшат Жолдыбаева менен биргеликте аткарган "Тыңда мени" ыры клиби менен казак тилинде жарык көрдү. Клиптеги айрым ачык тартылган кадрларга көпчүлүк интернет колдонуучулар тескери көз караштарын айтышса, айрымдары клиптинпрофессионалдуу деңгээлде тартылганы тууралуу кызуу талкууга алынып жаткан учуру. Ал эми Атабековдун жубайы ар кандай билдирүүлөрдү калтырып жаткан күйөрмандарга мындай деп жооп берди:
"Биз долбоорду көптөн бери күтүп, эми буюруп ишке ашып олтурат. Көп идеялар, инициатива мен тараптан болду. Андыктан күйөөмдүн чыгармачылыгын сыйлагандар бул жөн гана чыгармачылыктын жемиши деп ойлойм. Мен жолдошумду бардык тараптан колдойм. Жолдошумдун чыгармачылыгы менен сыймыктанам. Сураныч, түшүнүү менен кабыл алыңыздар!"-деген.
Буга айрым кыздар "Өзүңдү өзүң алдап жатасыңбы? Ушинтип жатып жолдошуңдан айрылып калба? -деген пикирлер да айтылды.
Ал эми ырчынын жеке баракчасына батыштан келип жаткан терс көрүнүштү көрсөтпөй эле койсо болмок, ансыз да бузулуп жаткан заманда деген билдирүүлөр калтырылды.
Добавить комментарий ×