Видео. Максат менен Айсулуунун тойдогу бийи жана кийими катуу сынга кабылды

7 июнь 2019 17:43 18796 1 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жалпыга маалым болгондой кечээ шаардын тойканаларынын биринде ырчы Максат Садырбеков менен визажист Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү тою болуп өттү.

Түгөйлөр 9 жыл кыз-жигит болуп жүрүп, өздөрүнүн мамилелерин күйөрмандарынан сыр сактап келишкен.

Максат сүйүктүүсүнүн колун кышында туулган күнүндө өзгөчө жол менен сурап макулдугун алган.

Көпчүлүк күткөн үйлөнүү үлпөт той жогорку деңгээлде жана өзгөчө өткөнүн шоу бизнес өкүлдөрүнүн бөлүшкөн сүрөттөрү жана видеолорунан байкоого болот. Бирок тойдун дагы бир өзгөчөлүгү жана көпчулүктүн талкуусуна алынган жагдай бул жубайлардын бийлеген бийи болду.

Бий албетте мыкты деңгээлде даярдалган. Бирок көпчүлүк жаш келиндин кийген кийимине нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Видеодо Айсулуу кыска ак түстүү четтерин тор жаап турган көйнөк кийип бийлегенин көрүүгө болот.

Окурмандар “Бул эмне деген уят”, “келин деген каадасы менен болушу керек”, “Айсулуу өтө эле ачык кийинип алган эмессиңби?”, “кыргыздарга жат көрүнүш” деген өңдүү бир катар терс пикирлерин билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/video-maksat-menen-ajsuluunun-tojdogu-biji-zhana-kijimi-katuu-synga-kabyldy



Добавить комментарий